АК-БУЛАК - Түп районундагы кыштак
Jump to navigation
Jump to search
АК-БУЛАК – Ысык‑Көл облусунун Түп районундагы кыштак. Ысык‑Көл ойдуңунун түндүк-чыгышында, Күнгөй Ала‑Тоонун этегинде, деңиз деңгээлинен 1740 м бийиктикте жайгашкан. Облустун борбору Каракол шаарынан 42 км, райондун борбору Түп кыштагынан 13 км түндүк-батышта, Балыкчы темир жол бекетинен 174 км 1961‑ж. отурукташкан. Калкы 1821 (2022). Күрмөнтү цемент жана кыш заводдору иштейт. Ал жыл сайын республикада өндүрүлгөн клинкердин 8,5%ын (83 миң га), цементтин 8,0%ын (97,1 миң п) иштеп чыгарат. Орто мектеп, бала бакча, клуб, китепкана, оорукана бар.