АК-БОСОГО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:48, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АК-БОСОГО – Ош облусунун Алай районундагы кыштак. Үч‑Дөбө айыл аймагына караштуу. Ош – Хорог автомобиль жолунун боюнда жай­гашкан. Райондун борбору Гүлчө кыштагынан 81 км түштүк тарапта. Ош темир жол бекетинен 163 км. Деңиз деңгээлинен 2818 м бийиктикте жай­гашкан. Калкы 1876 (2022); негизинен мал чар­басында эмгектенет. Орто мектеп, ФАП бар.