АК-БЕШИМ
Jump to navigation
Jump to search
АК-БЕШИМ (кыргызча ак; монголчо беш – сарай, имарат; ак сарай, ак имарат, ак үй маанисинде; мурдагы аты – Чала‑Казак) – Чүй районундагы кыштак. Ак‑Бешим айыл аймагынын борбору. Райондун борбору Чүй кыштагынан 4 км түштүк-батыш тарапта. Токмок темир жол бекетинен 5 км. Деңиз деңгээлинен 970 м бийиктикте. Калкы 3103 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана, өндүрүштүк окуу комбинаты, мончо, ФАП, мечит ж. б. бар.