АЙЫРТАМ-ОЙ ЖАЗУУЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:48, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЙЫРТАМ-ОЙ ЖАЗУУЛАРЫ – Талас өрөө­нүндөгү Айыртам‑Ой деген жерден табылган ба­йыркы түрк рун жазуулары. Айыртам‑Ой өрөөнү орхон‑енисей тибиндеги жазуу эстеликтери менен илимде кеңири белгилүү. Орус картографы, гео­граф жана Сибирь тарыхчысы С. У. Ремезов 1697‑ж. «Чертеж всех сибирских градов и земель и чер­тёж земли всей безводной и малопроходимой каменной степи» деген картасында Кыргызстандын Талас суусунун баш жагына «Орхон таш, жай­ында кар жатат» деген белги койгон экен. Ал кандай маалыматтарды пайдаланып, ушундай кабарды жазгандыгы көпкө белгисиз болгон. Бирок, ошол Ремезовдун койгон белгиси эки жүз жылдан кийин туура чыгып, Талас суусунун сол жээгинде жаткан Айыртам‑Ойдон 1 таш табыл­ган. Аны жергиликтүү мугалим Гастевдин жардамы менен ошол кездеги Аулие-Ата уездинин начальниги В. А. Каллаур тапкан. Бул табылга орус жана чет элдик илимпоздордун чоң кызыгуусун туу­дурган. 1898‑жылы В. А. Каллаур аймактан дагы ушундай жазуусу бар 2 ташты тапкан. Ушул эле жылы финн‑угор археологиялык экспедициясы ба­йыркы түрк жазуулары бар дагы 2 таш табат. Таластан табылган жазууларды окуу жана кото­руу иштерине орус түркологдору В. В. Радлов, П. М. Мелиоранский, С. Е. Маловдун, түрк оку­муштуусу X. Н. Оркундун, кыргыз түркологу И. А. Батмановдун, россиялык С. Г. Кляштпор­ныйдын чоң салымдары бар. 1961‑62‑жылдары П. Н. Ко­жемяко, кийин Д. Ф. Винник, Ү. Асаналиев, К. Ашыралиев, Ч. Жумагулов өңдүү окумуштуулар жазуулары бар дагы 5 ташты табышкан, ошондой эле 1977‑жылы ошол Айыртам‑Ойдун (азыркы Кырк‑Казык айылы) талаасынан Ч. Жумагулов 11‑талас эстелигин табат.

Таластан табылган байыркы түрк рун жазмасы бар таш.

1898‑жылы ачылып, жо­голуп кеткен деп эсептелген 2 ташты кайра та­бууда жана изилдөөдө Ч. Жумагуловдун эмгеги чоң. 2002‑жылы Жон‑Арык айылынан жаңы руника­лык жазуусу бар ташты А. Солтобаев тапкан. Айыртам‑Ой өрөөнүнөн табылган руникалык эс­теликтер байыркы кыргыздардын тарыхын, түрк тилдеринин тарыхын изилдөөдө чоң мааниге ээ. Азыркы убакта ал табылгалар Санкт‑Петербург шаарындагы Эрмитажда, Хельсинки шаарында, Манас­тын күмбөзүнүн жанында, Бишкек шаарындагы мамлекеттик тарых музейинде, КУУда сакталып ту­рат. Айыртам‑Ой жана ага чектеш жерлерден негизинен байыркы түрктөрдүн жазуусу чегил­ген 12 таш табылган.
Ад.: Жумагулов Ч. Эпиграфические памятники Киргизии, Ф.; Каллаур В. А. Камень с древнетюркской надписью из Аулиеатинского уезда // ПТКЛА. 1896; Каллаур В. А. Новая археологическая находка в аулиеатинском уезде. Туркестанские ведомости. 1898, № 48, 52.
Ш. Керимова.