АЙЫПТОО
Jump to navigation
Jump to search
АЙЫПТОО – тиешелүү мамлекеттик органдардын мыйзамда белгиленген чекте жазык укугу боюнча күнөөлүү адамды кылмыш жоопкерчилигине тартуу. КРдин мыйзамдарына ылайык, айыптоонун үч түрү бар: мамлекеттик, коомдук жана жекече айыптоо. Мамлекеттик айыптоо сот кылмыш ишин карап жаткан учурда, мыйзамда каралган чекте прокурор тарабынан жүзөгө ашырылат. Коомдук айыптоо ошол кылмышка тиешелүү коомдук уюм тарабынан айыпталат. Жекече айыптоо жабырлануучунун өзү же анын өкүлү тарабынан кылмыш кылган адамды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча коюлат.
А. Арабаев.