АЙЫП

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:47, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЙЫП у к у к т а – Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодексте жана Кылмыш‑жаза кодексинде (КЖК) каралган негизги жазалардын бири; административдик укук бузуу же кылмыш жасагандыгы үчүн сот тарабынан белгиленип, мамлекеттин пай­дасына күнөөлүүдөн өндүрүлүүчү акчалай сум­ма. Айыптын өлчөмү бир айлык акынын эң аз өл­чөмүнөн эсептелет. Административдик жоопкерчилик кодек­си боюнча айыптын төмөнкү өлчөмү ал өлчөмдүн 0,1%ынан кем эмес, ал эми кызмат адамдары үчүн айлыктын эң аз өлчөмүнөн 2 эседен кем алынбайт. Айыптын жогорку өлчөмү айлыктын эң аз өлчөмүнөн 20 эсе, кызмат адамдары үчүн 100 эседен ашпоосу тийиш. КЖКда Айыптын төмөнкү өлчөмү эң төмөнкү айлык акыдан 20 эсе, эң жогорку өлчөмү 1000 эсеге көбөйтүлүп белгилен­ген. Айып негизги жаза катары КЖКнын Өзгөчө бөлүгүнүн нормаларында каралса гана салынат. Эгерде соттолгон адам айыпты төлөөдөн жүйөөсүз түрдө баш тартса, ал камак менен алмашты­рылат.
К. Эсенканов.