АЙЫЛ ЧАРБАСЫН ЭЛЕКТРЛЕШТИРҮҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:47, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЙЫЛ ЧАРБАСЫН ЭЛЕКТРЛЕШТИРҮҮ – айыл чарба өндүрүшүнүн ар кыл тармагында электр энер­гиясын колдонуу. Электрлештирүү эмгек өн­дүрүмдүүлүгүн жогорулатууда чоң мааниге ээ. Электрлештирүүнүн натыйжалуулугу мал чар­бачылыгында кеңири байкалат, анткени анда машинелердин дээрлик көбү электр энергиясы менен иштейт. Электр энергиясы механизмдердин иштешин автоматташтырууга шарт түзүүдө. Мал чарба фермаларын суу менен камсыз кылууну электрлештирүү малдан алынуучу продуктулар­дын өсүшүнө шарт түзөт жана эмгектин сарпта­лышын 20%га үнөмдөөгө алып келет. Электр энергиясы канаттуулар фермасында кеңири кол­донулат (жасалма жол менен балапан чыгаруу, жылытуу, жарык мөөнөтүн узартуу, ылаңдар­га каршы нурландыруу, тоюттандыруу ж. б.).