АЙЫЛ ЧАРБА ӨНДҮРҮШҮН АВТОМАТТАШТЫРУУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:46, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЙЫЛ ЧАРБА ӨНДҮРҮШҮН АВТОМАТТАШТЫРУУ – өндүрүштүк процессте прибор жана машинаны колдонуу. Бул процессте адам тек­шерүүчү ролду гана ойнойт. Айыл чарба жумуштарын автоматташтырууда эмгек өндүрүмдүүлүгү жого­рулайт. Анын негизин электрондук аппараттар, жөнгө салгычтар, текшерүүчү‑өлчөөчү приборлор түзөт. Айыл чарбасын комплекстүү механикалашты­руу жана электрлештирүү ага толук шарттарды түзөт. Автоматташтыруу, айрыкча мал чарба­сында, канаттуулар чарбасында жана үрөн таза­лоо жумуштарында колдонулууда. Бул тармак­тарда автоматташтыруу үч багытта өнүккөн: электр машиналарын кеңири колдонуу менен бар­дык технологиялык процесстерди байланыштырып иштетүү; микроклиматтын тийиштүү көрсөткүч­төрүн (аба температурасын, нымдуулугун, газдын курамын, жарыкты) камсыз кылуучу механизм­дерди колдонуу; башкаруучу системаларды долбоорлоо. Үрөн пункттарында электр кый­мылдаткычтарын аралыктан башкаруу, маши­нага жүктөө, кампадагы үрөндүн температурасын жана нымдуулугун текшерүү, өлчөө ж. б. жумуш­тар автоматташтырылган. Сугат ишин автомат­таштыруу менен сууну үнөмдөөгө, иштеген адам­дардын санын кыскартууга, түшүмдүүлүктү жана эмгек өндүрүмдүүгүн жогорулатууга жетишүүгө болот. Диспетчердик башкарууда автоматташ­тыруу өтө маанилүү. Мында машина‑трактор­дук парктын иштеши, жүк ташуу жумуштары­нын аткарылышы 20‑30%ке жакшыртылат. Айыл чарба өндүрүшүн автоматташтыруунун өзгөчөлүктөрү технологиялык процесстерге техникадан тышкары топурактын, малдын ж. б. катышуусу менен мүнөздөлөт, б. а. биологиялык процесс­терди эске алууга туура келет. Мындан тышка­ры айыл чарба өндүрүшүнүн мезгилдик мүнөзү ачык асман астында жайгашуусуна жана бууланууга көңүл бурулат.

Ы.Ж. Осмонов.