АЙЫЛ ЧАРБА МАШИНАЛАРЫ
АЙЫЛ ЧАРБА МАШИНАЛАРЫ – айыл чарба өсүмдүгүн өстүрүүдө, мал асыроодо, өсүмдүк жанa мал азык‑түлүгүн алууда, даярдоодо, ошондой эле суу жана мелиорациялык курулуш, токой чарба жумуштарын аткарууда колдонулуучу техникалык каражаттар. Аларды куруу 19‑кылымдын башында Англияда, кийинчерээк АКШда, Францияда, 20‑кылымдан дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө өнүгө баштаган. Ага чейин 1655‑жылы орустун ойлоп табуучулары А. Терентьев ж‑a М. Крик суу менен иштөөчү эгин бастыргычты, 1759‑жылы И. Ползунов буу кыймылдаткычын ойлоп тапкан. 1844‑жылы И. Кобыленский картөшкө жыйноочу машинаны жасаган. Биринчи чөп чапкычты А. Хейрин (1852), эгин жыйноочу комбайнды алгач агроном Власенко (1868), ал эми 1871‑жылы Р. Глинков кендир токуучу түзүлүштү ойлоп тапкан. Биринчи каз тамандуу тракторду Ф. Блинов ишке киргизген (1888). Азыркы учурда айыл чарбада жөнөкөй курал‑шаймандан баштап тармактык жогорку компьютерлешкен инновациялык‑маалыматтык технологиялар колдонулууда. Алар айыл чарба өндүрүшүн комплекстүү механикалаштыруу үчүн машиналар системасынын негизинде жасалып чыгарылат. Машиналар системасы өсүмдүк өстүрүүчүлүк, мал чарбасы, мелиорация, токой жанa талаачылык, токой өстүрүү багытында түзүлөт. Айыл чарба машиналары арналышы боюнча топурак иштетүүчү, үрөн себүүчү жанa көчөт отургузуучу, жер семирткич чачуучу, өсүмдүктү илдет менен зыянкечтен коргоочу, тоют даярдоочу, дан эгинин оруп‑жыйноочу жанa иштетүүчү, жүгөрү, жашылча, азык тамырлуу өсүмдүктөрдү өстүрүп, жыйноочу, сугат жанa мелиорация тармагында, токойчулукта, мал чарбасында колдонулуучу машиналар болуп айырмаланат. Азыркы учурда жогорку өндүрүмдүүлүктү камсыз кылуучу Айыл чарба машиналары жасалууда. Аларга өзү жүрүүчү эгин чабуучу комбайндар, чөп чапкычтар, пахта жыйноочу машиналар, кант кызылчасы менен жүгөрү жыйноочу комбайндар, мал чарбасын механикалаштыруучу машиналар жанa жабдуулар кирет. Айыл чарба машиналары – энергетикалык (тракторлор, өзү жүрүүчү шассилер жанa жылуулук берүүчү кыймылдаткычтар) жанa технологиялык комбайндар, жер иштетүүчү машиналар жанa механизмдер болуп эки багытта иштейт.
Т. Орозалиев, Ы. Осмонов.