АЙШАБҮБҮ КҮМБӨЗҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:46, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЙШАБҮБҮ КҮМБӨЗҮ – орто кылымга (12‑кылым) таандык архитектуралык эстелик. Казакстан Республикасы­нын Жамбыл облусунун Тараз (мурунку Жам­был) шаарына жакын жердеги Айшабүбү айылын­да жайгашкан. Бул көөнө эстеликти алгач 1897‑жылы В. А. Каллаур, кийин 1938–39‑жылдары А. Н. Бернштам, 1953‑жылы Казакстан ИАнын археологиялык тобу изилдешкен. Сырткы көрүнүшү төрт чар­чы келип, бурчтары мунара сыяктуу жумуру (түркүк сымал) жана бийик, төбөсү кумпа (ка­занбак сымал салынган). Күмбөз бышкан кыш­тан курулуп, маңдай жагы ар кандай айба­наттардын сүрөттөрү жана оймо‑чиймеленген жа­зуулар менен кооздолгон. Айшабүбү белгилүү та­рыхый инсан – Карахандын аялы болгондук­тан, күмбөздү Карахан салдырткан деген маа­лыматтар да бар. Айшабүбү күмбөзү Казакстан Республикасынын тарых жана маданият эстеликтеринин тизмесине киргизилип оңдолуп, калыбына келтирилип, мамлекеттик корукка алынган.
Ш. Керимова.