АЙХАЛ
АЙХАЛ – Якутиядагы алмаздын ири кени; Айхал шаарына жакын. 1960‑жылы ачылып, 1961‑жылдан карьерден, 1997‑жылдан жер астынан (680 м тереңдикке чейин) казылып алынат. Алгачкы запасы боюнча Россиядагы эң ири 5 кендин бири. Калган запасы 40‑50 млн карат. Якутия алмаздуу провинциясындагы Далдын‑Алакит кимберлит талаасында жайгашкан. Ордовик, силурдун терриген‑карбонаттуу тоо тектерин жиреп чыккан, татаал конфигурациядагы, дээрлик вертикаль багытындагы кимберлит түтүгү. Кратьер бөлүгүн чөкмө‑жанар тоо тектери, кимберлит туфтары (калындыгы 120 м), колкосун кимберлит брекчиялары түзөт. Курамында алмаз өтө көп (орточо өлчөмү 5,5 карат/п), сапаты төмөн майда таштар басымдуу (ромбододекаэдр 60%), зергерлик калдыгы 25%ке чейин (1997‑жылга карата массасы 50 караттан ашкан 7 алмаз өндүрүлүп алынган).