АЙТЫШ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:45, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЙТЫШ – акындардын, ырчылардын, чечендер­дин чыгармачылык кудуретин, чеберчилигин сыноо үчүн өз ара мелдеши; кыргыз элдик оозеки чыг­армачылыгында өнүккөн жанр, байыртан бери келе жаткан элдик оозеки көркөм өнөрдүн бир түрү. Ал адат‑салт айтышы жанa акындар айтышы болуп бөлүнөт. Адат‑салт айтышына: бадик, кайым, сар­мерден, кыз‑жигит айтышы ж. б.; акындар айтышына: алым сабак, табышмак, кордоо, учура­шуу, чечен айтыш ж. б. кирет. Пайда болушу жанa өнүгүшү жагынан Айтыш жанры байыркы үрп-­адат, ырым‑жырымдарга байланышып, эл тур­мушун кенен чагылткан. Айтыштын алгачкы түрлөрү көркөм сөз өнөрүнүн адамдарга кызмат кылуу­сун шарттаган. Мисалы, бадикте адамдар кезек менен туруктуу ыр саптарын айтып, ооруну дене­ден «кубалашса», «Бекбекейди» түнкүсүн короо кайтарганда алмак‑салмак ырдашкан. Жаштар­дын ой‑санаалары, кубаныч‑эңсөөлөрү кайым айтышууда, сармерденде кенен чагылдырылган. Уруучулук доордо акындар айтышы кеңири өнүккөн. Бийлөөчүлөр аларды той‑тамашаларда, атайын жыйындарда уруу кызыкчылыгы үчүн пайда­ланышкан. Адегенде эки уруунун акындары бири бирине жөнөкөй мазмундагы суроолорду берип айтышса, кийинчерээк өз уруусунун артыкчылыгын, баатырларын даңазалап, атаан­даш уруунун кемчиликтерин ачып,

АЙТЫШ15.png

кордоп айтышкан. Айтыш өнөрүнө Токтогул идеялык‑эс­тетикалык жаңы принциптерди кийирген. Ал уруучулук кордошууга, бири-бирин кемсинтүүгө каршы турган, учурашуу, элдин көңүлүн ачуу максатын көздөгөн, эзүүчү менен эзилүүчүнүн ор­тосундагы күрөш мотивдерин кеңири чагылткан. Табышмак айтышта акындар бири- биринин турмуш­тук, философиялык, диний маалыматтарын сынашса, алымсабак айтышта негизинен жаш акындын та­лантын өстүрүүгө аракеттенишкен. Токтогул, Эшмамбет, Эсенаман, Барпы, Калык, Алымкул, Осмонкул сыяктуу акындар айтыш өнөрүнүн ири чеберлери болгон. Айтыштын мазмуну көп учурда адамдардын бейпил турмушун, күжүрмөн эмге­гин, тынчтыкты, ынтымакты даңазалоого арна­лат. Акындар айтышта төкмөлүктүн эң бийик чеги­не жетет. Кыргыз адабиятынын тарыхында айтыш жан­рын өнүктүрүүдө Токтогул менен Эшмамбет, Жеңижок менен Коргол, Барпы менен Калык сыяктуу акындардын ролу чоң. Т. Тыныбеков, Э. Тур­суналиев, А. Айтпалиев, Т. Абдиев, 3. Үсөнбаев ж. б. Айтыш салтын улантуу менен алардын ажайып үлгүлөрүн унуттурбай элге алып чыгып келиш­ти. Айтыш – кыргыз оозеки поэзиясындагы акын­дардын жекеме‑жеке беттешүүсү, «күч сынашуу­су», поэтикалык эрөөлү. Анда акындын чуку­гандай сөз тапкычтыгы, ойду улам тереңдетип өрчүтө билиши, көркөм ой‑жүгүртүүсүнүн мас­штабы, тереңдиги, ошондой эле ырдын ыргагына, уй­кашына жараша көркөм сөз каражаттарын өз­ ордуна коё билиши аныкталат. Адатта Айтыш «саламдашуудан» башталат. Буга «Токтогул менен Барпынын», «Барпы менен Жеңижоктун учурашуусу» мисал. Жеңижок менен Эсенамандын поэтикалык кездешүүсүндө жер‑суу, тоо‑таш, жаратылыш көркү, аалам, ай‑күн, жашоо‑ти­ричилигинен баштап, дүйнөнүн жаралыш сы­рына чейин камтылат. Азыр айтыш элдик турмуш­ту кеңири чагылткан публицистикалык салтанаттуу трибу­нага айланды. Форма жагынан айтыш салмактуу келип, майрамдарда, театр сахналарында акын­дык күч сынашуу менен аткарылат, ал радиоук­туруу, телекөрсөтүү, басма сөз аркылуу тарайт. Бири-бирин ыктуу чымчышуу, жылдырма как­шык, азилдүү тамаша, юмор, шакаба, сын, баа берүү, эбине келтире айтылган калп ж. б. айтыштын беделин көтөрөт. Бүгүнкү күндө бул өнөр жанданып, республиканын эл артисттери айтылуу акындар: А. Айталиев жанa Т. Абдиевдин айтыш мектебинин түптөлүшү; төкмө акындардын республикалык айтышы (2001, 2002); Ш. Шеркулов жанa М. Ба­етовдун 100 жылдыгына карата Таласта өткөн төкмө акындардын эл аралык айтышы; А. Ай­талиевдин мааракесине (75) арналган төкмө акындардын эл аралык айтышы; Казыбектин 100 жылдык мааракесине арналып, Ат‑Башы жергесинде өткөн акындардын республикалык айтышы; Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына карата Бишкек шаарында өткөн (2003) төкмө акын­дардын эл аралык айтышы; «Жеңижоктун кут жылдызы» аттуу алтын төш белгиге арналган төкмө акындардын эл аралык айтышы; улуу акын Токтогулдун 140 жылдыгына арналган республикалык төкмө акындар айтышы ж.б. кыргыз адабият тарыхында баа жеткис мурас болуп саналат. Ошондой эле кийинки муун өкүлдөрү Э. Иманалиев, А. Кутманалиев, Ж. Токтобеков, М. Керим кызы, А. Нуралиев, Азамат Таалай, А. Тутку­чев, Ж. Алыбаев, Ш. Адылов ж. б. жаш акын­дар эл сыймыгына айланды.
Ад.; Таштемиров Ж. Айтыштар. «Кыргыз элинин оозеки чыгармачылык тарыхынын очерки» ките­бинде. Ф., 1973; Айтыштар. Ф., 1973.
А. Обосканов.