АЙТЫКЕ
Jump to navigation
Jump to search
АЙТЫКЕ (болжол менен 1816, Жумгал өрөөнү, Суусамыр жайлоосу – 1887) – акын, кыргыздын улуу муундагы классик акындарынын бири. Замандаштары Балык, Музооке, Арстанбек, Солтобай, Эсенаман менен бирге чыккан. Айтыкенин ырчылыгын Токтогул жогору баалаган. КР УИАнын Манас таануу жана көркөм маданияттын улуттук борборунун Кол жазмалар фондунда «Балык менен Айтыкенин айтышынын» бир нече варианты сакталып турат.