АЙТЫГУЛОВ Кайыпбек

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:45, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЙТЫГУЛОВ Кайыпбек (1. 12. 1932‑жылы туулган, На­рын облусу, Жумгал району, Кызарт айылы – 2010-жыл) – кыр­гыздын туңгуч флейтачысы, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1993), СССРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1990), Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги, профессор. Республикадагы классикалык аткаруучулук мектебинин негиздөөчүсү. 1947–1952‑жылдары М. Күрөңкөев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайынын флейта адистигин артыкчылык менен, 1957-жылы Москва шаарындагы П. Чайковский атындагы мамлекеттик консер­ваториянын флейта клас­сын бүтүргөн. 1949‑жылы К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде, 1951–1952‑жылдары Кыргыз мамлекеттик опера жанa ба­лет театрында, 1952–1957‑жылдары Москва шаарындагы дүйнөдөгү жалгыз цыгандардын музыкалык «Ромэн» драма театрында, 1957–1978‑жылдары Кыргыз опера жанa ба­лет театрынын оркестринде иштеген. Бир эле мезгилде М. Күрөңкөев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайында, В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз‑келиндер педагогикалык институтунда окутуучу, 1978‑жылдан Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда кафедра башчысы, кийин деканы (1982), 1993‑жылдан Кыргыз улуттук консерваторияда декан, профессор болуп эмгектенген (1988). Улуттук аткаруучулук мектебинин калыптанышы, өнүгүшү жана гүлдөшү, музыкалык топтордун ачылышы, таланттуу жаштарыбыздын лауреаттык наамдарды алышы К. Айтыгуловдун ысымы менен байланыштуу. «Данакер» (2003) ордени менен сыйланган.

АЙТЫГУЛОВ14.png