АЙРАН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:43, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЙРАН – сүттөн уютулуп жасалган эзелки ак азыктарынын бири. Ал кой, эчки, уй жана топоз­дун сүтүнөн уютулат. Уйдун сүтүнө төөнүн сүтүн аралаштырып, Айран уюткан учурлар да кезигет. Бышырылган жылуу сүттү уютуш үчүн ага уют­ку (айранга кичине сүт кошуп, чалат) куюп, идишти жылуулап жаап, уюп жаткан учурда «чочуп» калбас үчүн орунтуктуу жерге 4–6 саат коюшат. Айрандан сүзмө, сүзмөдөн курут жасалат. Айранга жаңы саалган чийки сүттү кошуп аралаштырып, бир ууч талкан чалса «кою тамак», тартылган сүт уютулса көк айран, сорпого кошул­са – ак серке, талкан же таруу кошулуп уютулса аш айран, суу кошсо чалап деп аталат.