АЙНЕК БЛОКТОРУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:42, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЙНЕК БЛОКТОРУ – айнектен жасалган куру­луш материалы. Ал бири-бирине ширетүү менен эки жарым айнек блоктон пресстелип даярда­лып, блок көңдөй болот. Айнек блоктору жарыкты жак­шы өткөрүүчү, жылуулук жана үн өткөрбөөчү касиетке ээ. Ал өтө бышык, формасы боюнча чар­чы, тик бурчтуу; жарык, техникалык сапаттары боюнча жа­рык таратуучу, жарыкты багыттоочу, тунук жана күн нурунан сактоочу; кооздугу боюнча түстүү жана түссүз; конструкциясы боюнча бир же эки камералуу болуп бөлүнөт. Түстүү блок айнек массасын боёо же жарым блоктун экөөнүн ортосуна түстүү пластинкаларды коюу менен даяр­далат. Айнек блоктору турак үйлөрдө, коомдук жана өнөр жай имараттарында жарык өткөрүүчү сырткы жана ички тосмо конструкциялар катарында колдонулат. Блоктор бири‑бири менен цементтелип би­риктирилет.