АГРОТОКОЙ МЕЛИОРАЦИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:37, 13 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата v1e2_72-116>Kadyrm тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

, т о к о й м е- л и о р а ц и я с ы ‒ токой өстүрүүчүлүк ж-а мелиорациялык чаралар ситемасы. Токой тигилген жерлерде шамал басаӊдап, кар ж-а суу токтойт, микроклимат өзгөрөт, топурак бузулбай, топурактын нымдуулугу көбөйөт, анын натыйжасында топурактын күрдүүлүгү артат, а. ч. өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү көбөйөт. А. мелиорациясы агрономия, ботаника, топурактаануу, геология, метеорология, токой таануу илимдери м-н тыгыз байланыштуу. Кырг-нда бул максат м-н тигилген токойлордун аянты 3 миӊ гадан ашык.