АЙДОО АЯНТЫНЫН СТРУКТУРАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:41, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЙДОО АЯНТЫНЫН СТРУКТУРАСЫ – жалпы айдоо аянтында ар бир айыл чарба өсүмдүгүнө туура келүүчү жер өлчөмүн көрсөтүүчү бирдик. Ал айыл чарба өндүрүшүнүн өнүгүү деңгээлин, адистешти­рилишин билдирүүчү көрсөткүчтөрдүн бири. Район, чарба боюнча которуштуруп айдоо жерге жана топурактын ар түрдүүлүгүнө жараша бөлүнөт. Ал туура белгиленсе, жерди үнөмдүү пай­даланууга шарт түзүлөт. Айдоо аянтынын структурасынын башкы милдети – айдоо бирдигинен жана которуштуруп айдоо аянтынан көп түшүм алуу. Айдоо струк­турасы ар бир региондун климаттык шартына, жер кыртышынын өзгөчөлүгүнө, чарбанын эко­номикасына жана техника менен камсыз болу­шуна жараша түзүлүп, илимий жактан негизделип, айдоо аянтынын структурасы которуштуруп айдоонун негизин түзөт. Сугат жерди дыйканчылык шартында которуштуруп айдоодо чарба жерин туура уюштуруу жана рационалдуу айдоо структурасы (ар бир зонанын топурагына жараша) камсыз болушу керек. Бул сугат жерди натыйжалуу пай­даланууга, механикалаштыруунун негизинде эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга көмөк берет.