АЙДАРОВ Ташпай

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:41, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЙДАРОВ Ташпай (1919, Жалал‑Абад облусу, Чаткал району, Каныш‑Кыя кыштагы - өлгөн жылы белгисиз) – малчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1971). 1932‑жылдан Чаткал районундагы «Победа» колхозунда колхозчу, баш чабан, 1958­-жылдан «Чаткал» совхозу­нун (азыркы «Каныш‑Кыя») баш чабаны.

АЙДАРОВ51.png

Койдун санын көбөйтүүдө жогорку ийги­ликтерге жетишип, 1970‑жылы ар жүз тубар койдон 140тан козу алып, чыгашасыз асы­раган, ар койдон 4,2 кг жүн кыркып алган. 1975‑80‑жылдары Кыргыз ССР Жогорку Со­ветинин депутаты. Эки Ленин ордени менен сыйланган.