АЙДАРАЛИЕВ Акматбек

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:40, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЙДАРАЛИЕВ Акматбек (1916, Чүй облусу, Аламүдүн району, Кайырма кыштагы – 1987, Фрунзе шаары) – медицина илимдеринин доктору (1959), профессор (1960). Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген врачы (1948). Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери. Ташкент медицина институтун бүтүргөн (1939), ошол эле жылдан Нарын облустук саламаттык сактоо бөлүмү­нүн, Пржевальскидеги шаардык поликлиника­нын башчысы (1941‑43), Кыргыз ССР Саламаттык сактоо министринин орун басары (1947‑50), КММИнин директору (1952‑55), Кыргыз ССР Саламаттык сактоо министри (1960‑63), 1963­-жылдан КММИде кафедра башчысы болгон. Анын илим-изилдөө иштери көз ооруларын жана саламаттык сактоонун тарыхын, санитария масе­лелерин изилдөөгө арналган. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган.
Эмг.: Кыргызстандын саламаттык сактоо ишинин негизги өсүш этаптары. Ф., 1958; Библиографические материалы по здравоохранению и истории Киргизии.Ф., 1962; Советтик Кыргызстанда саламаттык сактоонун өсүшү. Ф., 1970.