АЙГҮЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:40, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЙГҮЛ, э д у а р д ч а а р г ү л ү (Petilium eduardii (A. Regel ex Lozinsk) Vved.) – лилия гүлдүүлөр тукумундагы пияз түптүү өсүмдүк. Көп жылдык поликарптык эфемероид. Пияз түбү саргыч, ичи күңүрт‑боз, сырты кабыкчалуу, жытсыз, ири жумуру, тоголок сымал, калыңдыгы 4–9 см. Сабагы тик, түксүз, бийиктиги 37­95 см, бир кылка, орто чени жалбыраксыз, са­бактагы жалбырактары ачык жашыл, узун лан­цеттүү, сабагынын жарымын курчаган, учтуу, төмөнкү жалбырактарынын узуундугу 10‑15 см, туу­расы 5‑12 см, гүл жан жалбырактары сабакта­гыларынан ичке жана кыска, сызыктай, чоку­сунда чатырча топ гүлү бар. Гүлдөп турган өсүмдүктө 20‑40 сабагы жана 5‑25 чоку жалбырактары, гүл тобунда 15ке чейин (көбүнчө 4-5) гүл болот; гүл коргону ачык кызыл, жазы коңгуроодой, узундугу 4,5‑6,5 см, узунча‑ланцеттүү. Мөмөсү – кургак кутуча, узундугу 6‑7 см, уругу майда, күрөң. Пияз түбү 15‑30 см тереңдикке чейин өсүп, кар кеткенде тез эле өнүп чыгат. Марттын башынан майдын аягына чейин гүлдөп, бир гүлү 15 күнгө чейин турат. Тажикстан, Өзбекстан,Түндүк Афганистан, Кашмир (Индия) жана Кыргызстанда кездешет. Кыргызстанда Түркстан тоо кыр­касында (Айгүл­-Таш тоосунун түндүк капталында, Ко­зулан-Ташта жана Баткен шаарынын түштүк чыгышын­да, Исфара суусунун алабында, Лайли‑Мазар суу-

АЙГҮЛ47.png

сунун сол жээгиндеги капчыгайда) өсөт. Айгүл өскөн аймактарга «улуттук парк» деген статус берип, аны коргоо боюнча кеңири түшүнүк иштерин жүр­гүзүп, пияз түбүн казып алууга жана мал жаюуга тыюу салып, ботаникалык бакта өстүрүлүшү керек. Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген.
К. Т. Шалпыков.