АЙГЫР-ЖАЛ КӨРҮСТӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:39, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЙГЫР-ЖАЛ КӨРҮСТӨНҮ – б. з. 1–5‑кылымдарында Теңир‑Тоо аймагында жашаган көчмөн уруулар­га таандык археологиялык эстелик. Нарын шаарынын батыш тарабында (7 км) жайгашкан. Бийиктиги 0,3— 0,8 м, диаметри 12 м чейин келген 100гө жакын дөбө‑мүрзөлөрдөн турат. Көрүстөндө адамдар жалгыз, кээде түгөйү менен казанактуу жана жар­ма көрлөргө башы кыбыланы каратып коюлган. Көрүстөндөн карапа, жыгач идиштер, бы­чак, жебенин учу ж. б. табылган. Байыркы түрк дооруна таандык жоокердин ээр‑токумдуу аты менен кошо көмүлгөн көрүстөндөр да кездешкен. 1954‑жылы А. К. Кибиров тарабынан изилденген. Бүгүнкү күндө эстелик толук сакталган эмес.
К. Табалдиев.