АЙБАНАТТАР СТИЛИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:39, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЙБАНАТТАР СТИЛИ – байыркы темир доорунда көркөм өнөрдө кеңири тараган стилдин шарттуу аталышы. Сак‑массагет, скиф‑сармат көчмөн урууларынын сүрөт өнөрүнө өзгөчө мүнөздүү. Археологиялык илиминде айбанаттар стили деп биздин заманга чейинки 1-­миң жылдыктагы Евразия чөлкөмүндөгү көчмөн, жарым көчмөн калктардын көркөм өнөрүн атоо кабыл алынган. Монголияда, Алтайда, Түштүк Сибирде, Орто Азияда жана Кара деңиздин түндүгүнө чейин кеңири тараган. Адамдар реал­дуу жана мифологиялык айбанаттардын турпат­тарын аска‑таш бетине, жыгачка, металлга түшүрүшкөн. Адамзаттын келип чыгышын ар кайсы жаныбарларга байланыштырышып (тотемизм), байыркы ата‑бабаларын тигил же бул урууда кандайдыр бир жаныбар же кушка түспөлдөштүрүшкөн (мис., карышкыр, жолборс, бугу, тоо теке, карга, бүркүт ж. б.). Адамдар ошо­лорго табынып күч‑кайрат, эрк, жардам алууга үмүттөнүшкөн. Кээде алардын турпаттарын жасап,

Колодон жасалган букалар (б. з. ч. 5–3-к., Ысык‑Көл өрөөнү, Челпек айылы).

тумарча сыяктуу мойнуна тагып же ыйык колдоочу катары алып жүрүшкөн. Жа­ныбарлардын сүрөттөрү, сөлөкөттөрү ритуалдык коло казандарга, курмандык чалынуучу мазар­ларга, жыттуу нерселер жагылып, жагымдуу жыт тарата турган идиштерге, чырактарга, ошондой эле ат жабдыктарына, кооздук буюмдарга, курал­дарга, чопо идиштерге, аска беттерине түшүрүл­гөн. Кыргызстанда айбанаттар стилине таандык үлгүлөр көбүнчө Кетмен‑Төбө өрөөнүнөн табылган.
К. Табалдиев.