АЙ-КӨЛ көлү

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:38, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЙ-КӨЛ – Түркстан кырка тоосунун түндүк кап­талындагы Ак‑Суу суусунун төрүндө жайгашкан тоо көлү. Лейлек районунун аймагында. Узундугу 2,2 км, туурасы 0,4 км. Аянты 1,0 км2, суусунун көлөмү 57 млн м3. Деңиз деңгээлинен 2938 м бийиктик­те жайгашкан. Бөгөт көлдөрдүн тибине кирет. Бөгөттүн узундугу 1,5 км. Too этектери көлгө тик түшөт. Көлдөн Ак‑Суу суусу башталат.