АЗЫК-ТҮЛҮКТҮ ТОҢДУРУП КУРГАТУУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:38, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЗЫК-ТҮЛҮКТҮ ТОҢДУРУП КУРГАТУУ, с у б л и м а ц и я – азык‑түлүктөгү музду (нымды) суюктукка айландырбастан, түз эле буулантуу процесси азык‑түлүктөгү ферменттерди, вита­миндерди жана түрдүү экстракт заттарын сактап калуу үчүн аны тоңгон абалда кургатуу талап кылынат. Бул процесстин жүрүшүндө азык‑түлүк 0°С температурада, 4,5 сым. мам. ммге барабар ба­сым астында тоңдурулуп, анан түз эле буулан­дырылат. Мындай азык‑түлүктүн даамы, түсү бузулбастан көпкө сакталат. Бул ыкма тамак-­аш өнөр жайында, биологияда жана медицинада колдонулат.