АЗОР АНТИЦИКЛОНУ
Jump to navigation
Jump to search
АЗОР АНТИЦИКЛОНУ – Атлантика океанынын түндүк бөлүгүндөгү субтропик жана тропик алкактарында пайда болгон атмосфералык жогорку басымдуу аймак. Жыл бою аракетте болот; айрыкча жайында даана байкалат. Азор антициклону Евразиянын, айрыкча Түштүк Европанын жана Түндүк Африканын климатына өзгөчө таасир этет (жайында Жер Ортолук деңизин, кышында Сахара чөлүн көздөй багытталат).