АЗИРЕИЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:36, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЗИРЕИЛ – диний түшүнүк боюнча жан алгыч, Кудайдын эң жакын периштелеринин бири. Ал төрт жүзү, төрт миң канаты бар, денеси жердеги адамдардын санына барабар көз жана тилден жаралган, жарыкчылыктын тактысында отур­ган жан катары сүрөттөлөт. Алгач жөн гана негизги периштелердин бири катары саналган. Кудай Адамды жаратууда периштелерди жерден топурак алып келүүгө жиберет. Жер каршылык көрсөтүп, Жебиреил, Микаил жана Исрафил пе­риштелер алып келе албай коюшат. Муну Азиреил ишке ашырып, ал каардуулугу үчүн башкы жан алгыч катары дайындалат. Адамдын бул «жал­ган дүйнөдөн» кете турган мөөнөтү келгенде, Жараткандын жанында өскөн дарактан анын аты жазылган жалбырак түшөт имиш. Андан соң кырк күндүн ичинде адамдын жаны дене­синен ажырап чыгыш керек. Адамдар алгач буга каршылык көрсөтүүсү мүмкүн, ошондук­тан Азиреил көп учурда Кудайга кайрылат деп айты­лат. Миф боюнча Муса көпкө чейин Азиреил менен карма­шып, каршылык көрсөткөн делет. Азиреил жөнүндө алгачкы маалыматтар библиялык мифология­ларда, иудей булактарында, кийин Куранда ай­тылат.