АЗИНДЕР
Jump to navigation
Jump to search
АЗИНДЕР – циклде көмүртек атомдорунан тышкары эң кеминде бир атом азоту бар бирикмелер. Гетероциклинде бир атом азоту бар Азиндерге пиридин (I) жана хинолин (II); эки жана андан көп атом азоттууларга диазиндер (III) жана триазиндер (IV) кирет. Ядродо азоттон тышкары башка гетероатомдору бар Азиндерге оксазин (V) жана тиазин (VI) таандык:
Азиндер негиздик касиетке ээ, кислоталар менен туздарды пайда кылат. Алар түрдүү медициналык каражаттарды, ууландыруучу газдарды, баалуу азин боёкторун алууда колдонулат. Азиндердин көпчүлүгү тирүү организмге эң керек ДНК менен РНКнын негизги курамын түзөт.