АЗИМОВ Айзек

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:36, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЗИМОВ Айзек (1920, Петровичи, Смоленск губерниясы, азыркы Смоленск облусу – 6. 4. 1992, Нью­-Йорк) – америкалык жазуучу‑фантаст, биохимик, илимди жайылтуучу. Колумбия университетин бүткөн (1939), Бостон университетинде сабак берген. 500гө жакын чыгармалардын автору. Биринчи романы – «Асмандагы кичинекей таш» (1950). Ага «Тирек» үчилтиги (1966) атак‑даңк алып келген. «Болот үңкүрлөр» романы (1957) илимий-фан­тастикалык детектив жанрынын үлгүсү болгон. Чыгармаларында адам менен машинанын өз ара мамилелеринин моралдык проблемалары ана­лизденет. АКШда табият таануунун, тарыхтын, техниканын проблемалары жөнүндөгү ар түрдүү эн­циклопедиялардын, анын ичинде Библия жана Шекспир боюнча китептердин автору катары белгилүү. Илимий ­фантастикалык жана илимий-популярдуу дээрлик бардык чыгармалары 1960‑жылдын ортосунан орус тилине которулган.