АЖО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:34, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЖО – орто кы­лымдардагы кыргыз өкүмдарынын бийлик титулу. Алгач кытай хроникаларында (Син Таншу) эскерилет. Анда кыргыздардын ажосу Кара-Тоонун (Цин-Шань) жанында, үстү кийиз менен жабылган чатырда турганы, ал Мидичжы деп аталары айтылат. Котормочу Я. Бичурин (Иакинф) Мидичжыны сарай эмес, «мечит» деп болжолдойт. Айрым синологдордун пикиринде бул сөз байыркы санскрит тили (балким «ража») аркылуу «ажэ» («К.'âńźiät»), андан VIII к. орто чениндеги кытай тыбышында «аñаr» же «äñär» болуп өзгөрүшү мүмкүн экенин, бул сөз түрктөрдүн бийлик титулдарынын бири «инал» (inäl, їnal) менен жакындыгын белгилешет.  Ажо кышында суусар бөрк, жайында төбөсү бийик шуштугуй, кыр­буусу кайрылып, жээги алтын менен кыргактал­ган баш кийим кийген. Ажодон төмөнкү бийлик – министрлер, башкы башчылар, башчылар, иш башчылар, кол башчылар жана дагандар сыяктуу алты баскычтан турган. Жети министр, үч башкы (чоң) башчы, жөнөкөй башчылары он, иш башчылары он беш болгон. Дандан тартылган ичимдикти («вино» деп которулган) Ажо гана колдонгон. Курмандыкты талаага чыгып чалып, шамандарын «ган» (кам) дешкен. Үйлөнгөндө калыңды жылкы жана койлор менен төлөп, байлары жүздөн миң башка чейин мал берген. Сөөк көмгөндө беттерин тытпай, маркумдун денесин үч катар ороп алып ыйлашкан. Анан сөөктү өрттөшкөн, күйбөй калганын бир жылдан кийин көмүшкөн. Ажо турган жер менен хойхулардын (уйгур) ордосуна чейин кербендер кырк күн жүргөн. 821-жылы Тибет аскери Орхондун жээгине чейин келип, уйгурларга кол салган. Ушундан кийин Уйгур кагандыгы алсырап, 840‑жылы кыргыздардын ажосу 100 миңдей аскер менен уйгурларды талкалап, борбору Орду-Балыкты басып алган. Уйгурлардын бир бөлүгү Байкал көлүнүн чыгышы, дагы бир бөлүгү манжурлардын түштүк жагы, калган эки бөлүгү Тан мамлекетинин чек арасы тарапка ооп кеткен.

Ад.: Бичурин Н. Я. (Иакинф). Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена М.- Л., 1951. Т. 1; Малявкин А. Г. Танские хроники о государствах Центральной Азии. Новосибирск, 1989; Яхонтов С. Е. Древнейшие упоминания названия «киргиз». //Советская этнография. 1970; Худяков Ю. С. Кыргызы на просторах Азии. Б., 1995; Кляшторный С. Г.,  Савинов. Д. Г. Степные империи древней Евразии. СПб 2005; Мокеев А. О происхождении и значения политической титулатуры енисейских и алтайских кыргызов ажо и иди //«Тюрко-монгольский мир в прошлом и настоящем» научная конференция в памяти С. Г. Кляшторного СПб. 2015.

М. Кожобеков.