АЖИБЕКОВ Асанбек Сармашаевич

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:34, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЖИБЕКОВ Асанбек Сармашаевич (1947‑жылы туулган, Нарын облусу, Нарын району, Лакол кыштагы) – зоо­техник‑экономист, айыл чарба илимдеринин доктору (1995), профессор (2001), КРдин айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматке­ри (2004). Койду көбөйтүү жана селекция, кой чар­басынын продукциясынын технологиясы боюнча адис. Ысык‑Көл айыл чарба техникумун (1964), КМУ­ну (1972), Кыргыз мал чарба илим-изилдөө институтунун аспирантурасын бүтүргөн (1976). Тянь‑Шань таж­рыйба станциясында зоотехник‑селекциячы, ди­ректордун орун басары болуп иштеген. 1996‑жыл­дан Кыргыз мал чарба ИИИнин директору, 2002‑жылдан Агрардык илимий жана консуль­тациялык кызмат борборунун генералдык директору. 100 дөн ашык илимий эмгектин автору.
Эмг.: Эффективность производства ягнятины. Ф.,«Кыргызстан», 1979; Генетика‑селекционные аспекты разведения тянь-шаньской полутонкорунной породы овец (в соавторстве). Б., 2000.