АДЫШЕВ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:33, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АДЫШЕВ Муса Мирзапаязович (15.6.1915, Ош облусу, Алай району, Гүлчө кыштагы – 1.1.1979, Фрунзе шаары) – белгилүү илимпоз, геология‑мине­ралогия илимдеринин доктору (1969), профессор (1971), Кыргыз ССР ИАнын академиги (1961), корреспондент мүчө (1954), вице‑президенти (1974) жана прези

АДЫШЕВ4.png

денти (1978). Кыргыз ССРи­нин илимге эмгек сиңирген ишме­ри (1975). Жалал‑Абад пед­техникумун (1935), Орто Азия мамлекеттик университетинин (САГУ) геология факультетин бүтүргөн (1947).
Улуу Ата Мекендик согуш­ка (1941–45) катышкан. Жалал‑Абад, Ош облустарында айылдык мектепте муга­лим, директор (1935–38), СССР ИАнын Кыргыз филиалынын Геология институтунун кенже илимий кызматкери (1947), директору (1952), 1954–75‑жылдары Кыргыз ССР ИАнын Геология институтунун директору болуп иштеген. Адышев ­литогенез геохимиясынын өкүлү. Илимий эм­гектери негизинен Теңир‑Тоодогу байыркы доор­до пайда болгон чөкмө тоо тектердин геоло­гиясын, беш элементтин (негизгиси урандын) геохимиясын жана кен байлыктарын изилдөөгө арналган. Теңир‑Тоодо кеңири тараган уран, ванадий, молибден жана алтынга бай көмүртек ­кремнийлүү сланецтер формациясын изилдеп чыккан. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1975–77), Эмгек Кызыл Туу, Октябрь ре­волюциясы, «Ардак Белгиси» ордендери жана ме­далдар менен сыйланган. Адышевдин ысмынан Кыргыз Республикасынын УИАнын Геология институту, Түштүк-Батыш Теңир‑Тоодогу кырка тоо жана андагы бийик чо­ку, ошондой эле Ош технологиялык университети, Бишкектеги көчө аталган.
Эмг.: Металлогения метаморфических и осадочных толщ Тянь‑Шаня, в кн.: «Закономерностиразмещения полезных ископаемых», вып. IX, М., 1970; Четвер тичное тектоника Чуйской впадины. Ф., 1988. Современные движения земной коры и сейсмичность (соавтор. В. Е. Цурков). Б.,1992.