АДЪЕКТИВАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:33, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АДЪЕКТИВАЦИЯ (лат. adjectivum – сын атооч) – ­башка сөз түркүмдөрүнө тиешелүү сөздөрдүн сын атоочтук милдетте колдонулушу (мисалы, жалпы­лоочу маани, самаган максат, ошол окуя ж. б.). Адьективация термини көбүнесе атоочтуктарга карата колдонулат, себеби башка сөз түркүмдөрүнө кара­ганда бул процесске этиштин атоочтук форма­лары көбүрөөк дуушар болот. Айрым окумуш­туулар адьективацияны сөз жасоого тиешелүү кубулуш деп эсептеп, адьективацияланган лексикалык бирдиктерди сын атооч катары карашат; айрымдары аны поли­семияга тиешелүү көрүнүш катары карайт; үчүнчү бир көз караш боюнча атоочтуктар адьективацияланбайт, себеби атоочтуктар этиштин өзгөчө фор­масы эмес. Адьективацияда сөз (же анын маанилеринин бири) сын атоочтун маанилик жанa грамматикалык бел­гилерине ээ болот да, нерсени же кубулуштун сапат белгисин көрсөтөт. Бул алардын семан­тикасынын өзгөчөлүктөрүнө, морфемалык ку­рамына, зат атооч менен айкашуу жөндөмдүү­лүгүнүн бекем же бошоңдугуна ж. б. байланыштуу болот.