АДРЕНАЛИН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:28, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АДРЕНАЛИН – бөйрөк үстүндөгү без клеткала­ры иштеп чыгуучу биологиялык активдүү гормон. Химиялык формуласы C9H1303N, мол. салмагы 183, 21, эрүү t 216°С, оптикалык 2 изомери кездешет. Кислота менен щелочтордо, ысык сууда жакшы, органикалык эриткичтерде начар эрүүчү, ак түстөгү кристалл. Ал кан аркылуу органдарга тарап, канда 0,06 мкг/л жакын өлчөмдө болот, бирок адам, жаныбар катуу чочуганда, кара жумуш иште­генде же катуу сүйүнгөндө, капа болгонда анын концентрациясы бир секундада 1000 эсеге чейин көбөйөт. Ошонун натыйжасында организм тигил же бул шартка ыңгайланышат. Ареналиндин гомологдору ­норадреналин, изопропиладреналин табылган. Алар организмдеги зат алмашууну жөнгө салуу менен жүрөк, кан тамыр, булчуң, ички органдардын иштешине көмөк көрсөтөт.