АДОРНО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:28, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АДОРНО Теодор (11. 9. 1903, Франкфурт‑на‑Майне, Герман империясы – 6. 8. 1969, Висп, Швейцария) – немец философу, социологу жанa композитор. Франкфурт мектебинин көрүнүктүү өкүлдөрүнөн. Модернизм эстетикасына чоң салым кошкон. Монополисттик башкаруудан улам келип чыккан массалык маданият индустриясынын пайда болушун, мамилелердин стандартталышын сынга алган. Ал алгачкы эмгектеринде экспрессионисттик драма, музыканын «ландшафты», анын дүйнө таануудагы күчү, рационалдуулугу жөнүндө маанилүү ойлорду айткан. 20‑кылымдын 20‑жылдарынан баштап Франкфурт багытына ооп, коом жөнүндөгү бардык теорияны сынга алат, бирок марксизмге жактыруу менен мамиле кылган. Айрыкча андагы товардык фетишизм (сыйынуу, табынуу) концепциясына маани берет. «Агартуу диалек­тикасы» (1947) аттуу эмгегинде Батыш Европа­нын агартуучулугу, маданияты, музыкасы – «жолу болбогон цивилизация» тарыхы деп ырастайт.
Т. Эсенгелдиев.