АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК ЖАЗА
АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК ЖАЗА – укук нормаларын бузуучуларга карата мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы же кызмат адамы тарабынан мыйзамга ылайык колдонулуучу жаза. Ал жоопкерчилик чарасы болуп эсептелет да, администрациялык укук бузган адамды мыйзамдарды сактоо, коомдук жашоо эрежелерин урматтоо сезиминде тарбиялоо, ошондой эле укук бузуучунун өзүн ж. б. адамдарды жаңы укук бузуулардан алдын алуу максатында колдонулат. Администрациялык укук бузуулар үчүн колдонуучу жалпы эрежелер жазаларды колдонууда (жасалган укук бузуунун мүнөзү; укук бузуучунун инсандыгы; анын күнөө даражасы; мүлктүк абалы) жоопкерчиликти жеңилдетүүчү жанa оордотуучу жагдайларды эсепке алат.
С. Алымкулов.
АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК ЖООПКЕРЧИЛИК
АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК ЖООПКЕРЧИЛИК – жасаганга караганда коомдук опурталдуулугу азыраак укук тартибин бузгандыгы үчүн жарандын же кызмат адамынын мамлекет алдындагы жоопкерчилиги. Ал администрациялык укукту бузган адам мыйзамдын негизинде жоопко тартылууга тийиш; администрациялык укук бузууларга байланыштуу таасир көрсөтүү чаралары мыйзамдарда белгиленген негиздерден жанa тартиптен башкача түрдө эч кимге колдонулушу мүмкүн эмес. Администрациялык укук бузууларды жасаган он алты жаштан он сегиз жашка чейинки адамдарга жашы жетпегендердин иштери боюнча комиссиялар жөнүндөгү КРдин Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү жободо каралган чаралар колдонулат. Башкаруу тартибинин мамлекеттик ж‑a коомдук тартипти, жаратылышты, калктын ден соолугун коргоо чөйрөсүндө белгиленген эрежелерди кызматтагы милдети катарында сактабаганына байланыштуу админстрациялык укук бузуулар үчүн кызмат адамдары Администрациялык жоопкерчиликке тартылышат. Аскер кызматчылары жанa жыйналууларга чакырылган аскерге милдеттүүлөр, ошондой эле ички иштер органдарынын катардагы жанa жетекчи орундагы командирдик курамындагы кызматкерлер администрациялык укук бузуулар үчүн дисциплиналык уставдар боюнча жоопкерчиликке тартылышат. Жол кыймылынын, мергенчилик, балык уулоочулук жанa балык коругун, жаратылышты коргоо боюнча эрежелерди жанa нормаларды бузганда, өрт коопсуздугун сактабаганда, аталган жактар жалпы негиздерде Администрациялык жоопкерчиликке тартылышат. КРдин аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандарга жанa жарандыгы жокторго жалпы негизде администрациялык жоопкерчилик колдонулат. С. Алымкулов.