АДМИНИСТРАЦИЯ
АДМИНИСТРАЦИЯ (лат. Administratio – башкаруу, жетекчилик) – ишканалардын, мекемелердин же уюмдардын, башкача айтканда мамлекеттик органдардын же коомдук уюмдардын башында туруп, күндөлүк башкаруу ишин алып баруучу жетекчилер. Администрация: 1) кеңири маанисинде – мамлекеттин иштерин жүзөгө ашыруучу органдардын, аткаруу бийлигинин жогорку жетекчилик органдарынын жыйындысы; 2) кызмат ордундагы адамдар, кандайдыр бир мекеменин, ишкананын жетектөөчү персоналдары; 3) бир катар президенттик республикаларда мамлекет башчысынын алдындагы министрлер кабинетинин аталышы. КРде мамлекеттик масштабда жана облустук , райондук деңгээлде аткаруу иштерин жүзөгө ашыруучу мамлекеттик бийлик органдары. Алардын милдеттери, укуктары республикалык мыйзам актылары менен аныкталат.
К. А. Тостокова.