АДЕНОВИРУС ООРУЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:26, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АДЕНОВИРУС ООРУЛАРЫ – кишинин жана жаныбарлардын аденовирустар козгоочу жу­гуштуу оорусу. Мында кишинин көзүнүн, иче­гисинин, дем алуу жолунун былжыр челдери сезгенет. Энеден берилген иммунитет балада 6 айга чейин сакталат. Аденовирус оорулары бейтап адамдан, вирус алып жүрүүчүдөн, ошондой эле оорулуу колдонгон буюмдан, идиштен жугат. Оорунун жашыруун мезгили 3‑14 күн. Аденовирус ооруларында эти ысыйт, алы ке­тет, башы ооруйт, окшуп, кусат. Кээде оору грипп сыяктуу капысынан башталат. Дене ысып, мурун бүтөт, көз жапкактары кызарып, көздөн жаш агып, бир нерсе түшкөндөй өйкөйт. Шиле­кей жуткурбай тамагы ооруйт. Айрым учурда каргылданып үнү бүтөт, деми кыстыгып, дем алуу кыйындайт, жөтөлөт. Кээде ичеги‑карын сезгенип, ич өтөт. Дарылоодо антибиотиктер жана витаминдер колдонулат. Аденовирус оорулары жаныбарлар­да дем алуу, тамак сиңирүү органдарын жабыр­катып, катуу өтөт, конъюнктивит да болот. Кой, эчки, бодо мал, жылкы, чочко, ит, куш­тар оорушат. Диагнозу, клиникалык белгилери лабораториялык жол менен аныкталат.