АДДИСОН ООРУСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:26, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АДДИСОН ООРУСУ (коло оорусу) – бөйрөк үстүндөгү бездин кыртышынын эки жактуу бузулушу, анда гормондордун синтезделиши төмөндөйт же толук токтойт. Бул ооруну англиялык врач Т. Аддисон бөйрөк үстүндөгү бездин алгачкы өнөкөт жетишсиздиги катары 1855-жылы толук сыпаттаган. Эгерде бөйрөк үстүндөгү бездин кыртышы патологиялык процесстин кесепетинен 90%га жабыркаса, клиникалык жактан байкалат. Мурдагы учурда туберкулез Аддисон оорусунун негизги (оорунун 80% учуру) себеби болуп эсептелген. Бөйрөк үстүндөгү бездин кыртышынын эки жактуу бузулушунун башка патологиялык процесстери (бластомикоз, амилоидоз, гистоплазмоз, гемохроматоз ж. б. ) өнөкөт жетишсиздигинин себеби болуп эсептелет. Аддисон оорусу көбүнчө (50%) бөйрөк үстүндөгү бездин алгачкы же идиопатиялык атрофиясынын кесепетинен болот. Бөйрөк үстүндөгү бездин функциялык клеткаларынын даана атрофиясында лимфоиддик инфильтрация жана фиброза тканынын массасынын чоңоюушу байкалат. Бул учурда бөйрөк үстүндөгү бездин негизги (мозговой) катмары жабыркабайт. Аддисон оорусунда оорулуунун булчуң иши начарлайт, табити бузулат, арыктайт, териси гиперпигментацияга учурайт (оорулуулардын 90%ында, ошондон улам экинчи аталышы – коло оорусу). Ошондой эле, артериялык гипотензия, гиперкалиемия, гипонатриемия, бир аз ацидоз жана азотемия ж. б. мүнөздүү. Аддисон оорусу менен жабыркагандар кортикостероиддерди, тузду (натрий хлоридин) жана аскорбин кислотасын такай колдонушу керек. Оорунун эрте диагнозу жана адекватту терапия жакшы жардам берет.