АХМЕД ЮГНЕКИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:07, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
, Югнеки Адиб Ахмед ибн Махмуд (12-к-дын аягы, Түркстандын чет жакасында ‒ 13-к-дын башы, ошол эле жерде) ‒ акын, ойчул. Югнаки ш-нда туулуп (Самаркан га жакын) өскөн. Тубаса көзү азиз бала жаштайынан илим-билимге умтулуп, түрк тилдери м-н араб тилин жакшы өздөштүргөн, ошондук тан ал «Адиб Ахмед» деген атка ээ болгон. Шарият эрежелерин изилдеп-таанып, билимин тереӊдеткен. А. Ю-нин өмүр жолу ж-дө так маалымат жок. Ислам баалуулуктарына негиздел ген майда ырлары «Акыйкат сыйы» аттуу дидактикалык ырлар жыйнагына топтолгон. «Акыйкат сыйы» мазмуну жагынан Абу Наср ал-Фараби, Махмуд Кашгари, Ж. Баласагуни, Кожо Ахмет Яссавинин эмгектери м-н катар 9‒13-к-дын аралыгындагы түрк дүйнөсүнүн рухий казынасына айланган. Бул поэманын 14‒15-к-да жазылган үч түрдүү көчүрмөсүнөн үч түрдүү үзүндүлөр азыр Стамбулдагы Айя-София (Ыйык-София) китепканасында, Берлин китепканасын да сакталып турат. Стамбулдагы араб жазуусу м-н көчүрүлгөн нускасы прозалык, поэтикалык

котормосу м-н казак тилинде 1985-ж. Алматыда «Илим» басмасында жарык көргөн. Поэмада адамдарды терс сапаттардан алыс болууга үндөө, өмүрдүн кыскалыгы, кайталанбай тургандыгы баса белгиленет.

Ч. Жумагулов.