АХМЕД ХАН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:07, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
(т. ж. белгисиз ‒ 1504) ‒ 1485‒1504-ж. Моголстан мамлекетинин башкаруучусу. Атасы Йунус хан Ирандагы Йезд калаасын да тарыхчы Шараф ад Дин Али Йездиден билим алган. Ал шаар турмушуна көнүп калгандыктан, Моголстандан оолактап, Кашкарда ж-а Ак-Сууда жашаган, өмүрүнүн акыркы жылдарын Ташкентте өткөргөн. Анын уулу Ахмед Моголстандын чыгыш бөлүгүн бийлеп турган. Көчмөн турмушту жактаган могол төбөлдөрү аны атасынан бөлүп кетишкен ж-а ал бийликке келгенден баштап он жыл аралыгында могол урууларын толук баш ийдирген. Бабурдун айтымында Ахмеддин чатыры падыша жашаган турак жайга эмес, каракчынын алачыгына көбүрөөк окшош болгон. Демек ал нукура көчмөн турмушта жашаган. А. х. Моголстандын чыгыш бөлүгүнө коӊшулаш жайгашкан калмактарга эки жолу катуу сокку урган. Алар хандан өтө корккондуктан, Алача хан деген лакап ат («Алача» монгол тилинен которгондо «өлтүргүч», «кан ичер» дегенди түшүндүргөн) коюшкан. Моголстандын батыш чектери ж-а Ташкент А. х-дын агасы Махмуд хандын бийлигинде турган. Махмуд хан 15-к-дын аяк ченинде эки жолу өзбек-казактар м-н согушуп, жеӊилип калган. А. х. жеӊилген агасынын өчүн алуу үчүн өзбек-казактардын конуштарына үч жолу жортуул жасап кыйраткан. Мухаммед Хайдардын жазганы б-ча, А. х-дын башкаруу мезгилинде калмактар м-н өзбек-казактар жети-сегиз айча Моголстандын чектерине жакындоого батына албай калышкан. Анын бийлиги Чыгыш Түркстан дын батыш бөлүгүнөн сырткары Моголстандын бардык аймактарына тараган. 1501-ж. өзбек ханы Шейбани Фергананын чыгыш бөлүгүн башкарган Махмуд хандын кеӊеши м-н Самаркандды ж-а Бухараны чаап алган. Көп узабай Шейбани хан Махмуд хандын ээликтерин да каратып алат. Бир тууганынын оор абалы ж-дө кабар алган А. х. өзүнүн ордуна тун уулу Мансур ханды калтырып, Махмуд ханга жардамга кет

кен. Бир туугандар Фергананы кайтарып алууга аракет кылып, Аксыкентти камоого алышкан. Бирок Шейбани хандын жиберген күчтөрү аларды талкалап, хандарды туткундаган. Махмуд хандын кыздары Айша Султанды Шейбани ханга, Кутлуг ханымды Жаныбек ханга бергенден кийин гана хандар туткундан бошотул ган ж-а Аксууга келишкен. Көп узабай А. х. 1504-ж. шал оруусунан каза тапкан. Атасынын ордуна келген Мансур хан бир туугандары Султан Саид Хан м-н Халил Султандын бийлик талашуусунан чочулап аларды куугунтуктаган. Инилеринин өз ара чыр-чатактарына таасир тийгизе албаган Махмуд хан Ферганага кайтып барганда өзбектер тарабынан өлтүрүлгөн. Ал эми агасы м-н келише албаган ханзаадалар кыргыздарга келип баш калкалаган ж-а Халил султанды Моголстандагы кыргыздар өзүлөрүнүн падышасы деп жарыялашкан. 1509-ж. Чарын ж-а Чилик сууларынын аралыгында кыргыздарга ж-а Султан Саид хан м-н Халил Султанга агасы Мансур хан катуу сокку урган. Моголстандагы баш аламандыктын баштоочулары катары кыргыздардын көбүн Турфанга көчүрүп кеткен. Султан Саид Кабулдагы Бабурга баш калкалаган. Ал эми Халил Султан Ферганага качып барганда Анжияндын акими тарабынан өлтүрүлгөн. Кыргыздар мындан көп узабай саясий абалын оӊдоп, алардын башкаруучусу Мухаммед Кыргыз элдин башын бириктирген ж-а Моголстандагы өз алдынча саясий бирикмесин түзүүгө жетишкен.
Ад.: Мирза Мухаммед Хайдар. Тарих ‒ и Рашиди / Введение, перевод с персидского А. Урунбаева, Р. П. Джалиловой, Л. М. Епиораповой/ Таш., 1996; Караев О. Чагатайский улус. Государство Хайду. Могулистан. Б., 1995. Т. Асанов.