АДАБИЙ СЫН
АДАБИЙ СЫН ‒ адабият таануунун курамдык бир бөлүгү; адабий чыгармачылыктын бир түрү. Адабий сын учурдагы адабий процесстин жалпы өнүгүш багыттарын жана өзгөчөлүктөрүн, ийгиликтерин жана мүмкүнчүлүктөрүн талдап, адабий көрүнүштөргө, жеке жазуучулардын чыгармачылыгына, айрым бир чыгармага өз убагында идеялык-эстетикалык баа берет. Адабий сындын кош милдети бар: ал биринчиден, учурдагы адабий тажрыйбага таасир этсе, экинчиден, китеп окурмандардын идеялык-эстетикалык көз карашын жана көркөм табитин тарбиялайт. Адабий сын адабият тарыхы жана адабият теориясы, эстетика менен тыгыз байланышта болот, сындын өз заманындагы адабий кубулуштар жөнүндө баалары, байкоолору, тыянактары бара-бара адабият тарыхына өтүп, адабият теориясы менен эстетиканы да байытат. Адабий сын байыркы замандарда эле көркөм адабиятты ээрчий чыгып, адабият жөнүндөгү жалпы билимдердин арасында өнүгүп келген. Анын өз алдынча бөлүнүп, өз алдынча өнүгө башташы ар кайсы калктарда мезгилдүү басма сөздүн пайда болушу жана өнүгүшү менен байланыштуу. Орус адабий сыны В.Г.Белинскийден тартып бийик деӊгээлге көтөрүлгөн жана коомдук процесс, демократия үчүн адабияттагы идеялуулук, элдүүлүк, чынчылдык үчүн күрөштө зор роль ойногон. Анын сөзү менен айтканда адабий сын ‒ «кыймылдагы эстетика». Коом турмушунда адабияттын мааниси өйдөлөгөндө, көркөм чыгармачылык өрчүгөндө, жалпы элдин эстетикалык талаптары өскөндө, адабий сындын ролу да жогорулай берет. Адабий сын макала, рецензия, адабий портрет, обзор, дил маек, талаш-тартыш жана башка формада жазылат. Кыргыз адабий сыны жазма адабиятыбыз менен удаалаш пайда болуп, ыкчамдаган жолду басып өттү. 1920-жылдардагы кыргыз адабий сынынын жаралуу мезгили Б. Даныяр уулу, М. Дөгдүров, Т. Жолдошев, К. Тыныстанов, А. Токомбаев, С. Карачев, Ө. Жакишев, К. Рахматуллин өӊдүү алгачкы адабият, маданият ишмерлеринин ысымдары менен байланыштуу. Көрүнүктүү коомдук ишмер Т. Жолдошевдин кыргыз адабий сынынын, адабият таануу илиминин түптөлүшүнө кошкон салымы зор. Өз учурунда анын «Адабият майданында» (1926), «Көрктүү адабият жана акындарыбыз» (1927‒1928), «Октябрь жана кыргыздын адабияты» (1928) жана башка макалалары жарык көргөн. 20-кылымдын 30-жылдарындагы адабий сындын өнүгүшү, калыптанышы үчүн кыргыз адабиятынын пайдубалын түзүшкөн акын-жазуучулар А. Токомбаев, М. Элебаев, К. Маликов, Ж. Бөкөнбаев кыйла эмгек сиӊиришкен. 50-жылдарда адабий сын Ш. Үмөталиев, А. Салиев, Б. Керимжанова, К. Асаналиев, К. Укаев, М. Борбугулов, кийинчерээк К. Бобулов сыяктуу жаш күчтөр менен толукталган. 70‒80-жылдар кыргыз сынынын бийиктөө мезгили болгон. Бул мезгилде орто муундагы адабиятчы, сынчылардын ишмердиги менен катар С. Жигитовдун, К. Даутовдун, А. Эркебаевдин чыгармачылыгы кыргыз сынынын өнүгүшүнө, профессионалдык чеберчилигинин артышына кыйла көмөк көрсөттү. Бүгүнкү күндө кыргыз адабиятчыларынын, сынчыларынын алдында көркөмдүк маселесин, адабий процессти мезгил талабына шайкеш жаӊыча баалоо милдети турат, к. Сын.
Ад.: Кыргыз совет адабиятынын тарыхы. 2 томдук. Ф., 1987, 1990; Кыргыз адабияттаануу илими жана сыны. 2 томдук. Б., 2005. А. Садыков.