АГРОЭКОСИСТЕМА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:22, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АГРОЭКОСИСТЕМА ‒ негизги функциялары түшүмдүүлүктү жогорулатууга багытталган жана агрохимиялык ыкмаларга таянган жасалма экологиялык шарттар. Табигый биоценоздордон айырмасы агроэкосистемада тирүү организмдердин түрүнүн кыскарганы байкалып турат. Ошондой эле, биологиялык түшүмдүүлүгү табигый экосистемадан алда канча жогору болот. Мисалы, мелүүн алкактын түшүмдүүлүгү болжол менен 150‒1500 г/м2 болсо, ал эми иштетилип жаткан жерлерде 4000 г/м2, Гавайи аралында бал камыштын түшүмдүүлүгү 7000 г/м2ге жетет. Түшүмдүүлүктүн мындай кескин көтөрүлүшү ургалдуу ыкмаларын (жер семирткичтерди көбүрөөк себүү ж. б.) колдонууга байланыштуу. Азыркы учурда агроэкосистемалар Жер шарынын жер ресурстарынын 30%га жакынын (айдоолор 10%, жайыттар жана чабындылар 20%) ээлейт. Агроэкосистеманын негизги түзүүчүлөрү: күрүч, буудай, жүгөрү, картөшкө, сулу, маниок, соя, арпа, ак жүгөрү, таруу, бал камыш ж. б.