АГЕНТЧИЛИК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:20, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АГЕНТЧИЛИК (англ. agency) ‒ мамлекеттин, коммерциялык, ошондой эле жеке адамдардын тапшырмаларын ишке ашыруучу уюм. Соода‒өнөр жай ишканаларынын, банктардын маркетинг кызматын көрсөтүүчү Агентчилиги да болот. Агентчилик өз ишмердигин ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын, жеке адамдардын статусуна жана багыттарына жараша жүргүзөт. Продукция өндүрүүчү менен кардарлардын ортосунда да ортомчулук милдетти аткарат. Агентчилик төлөм акысы анын иш тапшыруучу менен түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөн принциптерге жана тарифтерге ылайык төлөнөт.