АГАТАН МИНЕРАЛДУУ СУУСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:20, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АГАТАН МИНЕРАЛДУУ СУУСУ ‒ дарыланууга жана ичүүгө жарамдуу минералдуу суу булагы. Ош облусунун Кара-Суу районунда, Агатан суусунун Жазы суусуна куйган жеринде, деӊиз деӊгээлинен 2500 м бийиктикте жайгашкан. Жергиликтүү элге илгертен белгилүү. 1976-жылы бургулоо жумуштары жүргүзүлүп, геологиялык маалымат алынган. Булак чыккан жерде юра мезгилинде пайда болгон алевролит, сланец, чопо, кумдук тоо тектери жатат. Алар бүктөлүүгө дуушарланып, кеӊдик багытта созулуп жаткан антиклиналды пайда кылган. Суу антиклиналдын түндүк канатындагы тектоникалык жаракалардан агып чыгат. Суу тунук, туздуу, муздак (12°С), көмүр кычкыл газдуу (СО2 ‒ 0,1‒0,2 г/лге чейин). Бургулоо көзөнөгүнөн агып чыккан суунун чыгымы 0,5 л/сек, булактыкы ‒ 0,2 л/сек, аз минералдашкан. Курамы хлорит-гидрокарбонат-натрий-кальцийлүү. Сууну ичүү жолу менен ашказан, бөйрөк, боор ооруларын дарылоого болот.