АВТОУЧКУЧ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:19, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АВТОУЧКУЧ, а в т о п и л о т (авто ... жана фр. pilote ‒ руль кармоочу, тизгинчи) ‒ учуучу аппараттардын (самолёт, вертолёт, башкарылуучу снаряд ж. б.) учушун автоматтык төрдө башкаруучу түзүлмө. Ал самолёттун учушуна жана ылдамдыгына байкоо жүргүзөт, пландалган параметрден кандайдыр четтөөлөр болгондо аларды жөнгө салат. Анын системасы ар түрдүү болуп, канатты теӊ салмакта кармоочу жөнөкөй түзүлүштөн компьютердик түзүлүшкө чейин болот. Аны түзүүнү жана схемасын орус окумуштуусу К. Э. Циолковский сунуш кылган (1898). Автоучкуч менен автоматтык башкарылуучу алгачкы самолётту 1914-жылы Парижде Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөгө Сперри (АКШ) фирмасы алып чыккан. Ал адегенде самолёттун бурчтук кыймылын турукташтыруу үчүн гана пайдаланылса, кийин ал учкучсуз эле самолёттун белгилүү учуу режимин кармоого мүмкүндүк берген. СССРде алгачкы Автоучкуч 1932-жылы жасалган. Автоучкучтун иштөө схемасы сүрөттө көрсөтүлгөн. Типтүү Автоучкучта учуунун алдын-ала эсептелген параметри самолёттун компьютерине (1) киргизилет. Учуп чыккандан кийин Автоучкуч ишке кирет. Эки дисплей (2) самолёттун абалын, анын белгиленген маршрутун жана бийиктигин көр-

Автоучкучтун түзүлүш схемасы.

сөтөт. Самолёттун сырткы бетиндеги кичине капкактардын (3) абалынын өзгөрүшү анын багытындагы анча-мынча өзгөрүү тууралуу билдирип, компьютерлерге берип турат. Самолёттун абалын аныктоо үчүн навигациянын глобалдуу системасы (4) пайдаланылат. Тулкунун жогорку бөлүгүндө кабыл алгыч (5) жайгашкан. Компьютерлер маршрутка байкоо жүргүзүп турат жана жапкычтар (10), элерондор (9), бийиктик рулдары (8), руль (7) менен башкарыла турган сервомеханизмдердин (6) таасиринен зарыл өзгөрүүлөрдү автоматтык түрдө жүргүзөт. Керек учурда учкуч Автоучкучту өчүрүп, кол менен башкарууга (11) өтөт.