АВТОТРАНСФОРМАТОР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:19, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АВТОТРАНСФОРМАТОР(авто ... жана трансформатор) ‒ төмөнкү чыӊалуудагы оромосу менен жогорку чыӊалуудагы оромосу гальваникалык байланышта жасалган электр трансформатору. Демейде Автотрансформатордун экинчи оролмосу биринчи оролмонун бир бөлүгү катары кызмат кылат. Автотрансформатордун өзгөртүү коэффициенти n=U1/U2= W1/W2, мында U1 ‒ жогорку чыӊалуу, U2 ‒ төмөнкү чыӊалуу, W1 жана W2 ‒ Автотрансформатордун оромолорундагы оромдорунун саны. Өзгөртүү коэффициенти кичине болгондо Автотрансформатор кадимки трансформаторго караганда жеӊил жана арзан болот. Автотрансформатордун кемчилиги ‒ биринчилик жана

Эки чыӊалуулуу (500‒750 кВ) линияларды байланыштыруучу автотрансформатор жана анын электрдик схемасы.

экинчилик тизмектеринин гальваникалык байланышы. Жүгү барда жөндөлүүчү аз кубаттуулуктагы Автотрансформатордун алгы чекитин жылдыруу менен экинчилик чыӊалууну кеӊири чектерде өзгөртүүгө болот. Ал башкаруу тизмектеринде, автоматтык түзүлмөлөрдө жана тажрыйба орнотмолорунда колдонулат. Кубаттуу Автотрансформаторлордо чыӊалуу кадимки трансформатордогудай эле жөндөлөт, үч фазалуу же бир фазалуу тайпадан жасалат.

Ж. А. Апышев.