АВТОРДУК КАЛЕМ АКЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:18, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АВТОРДУК КАЛЕМ АКЫ, а в т о р д у к г о н о р а р (лат. gonorarium ‒ кызматы үчүн акы төлөө) ‒ илим, адабият, искусство ж. б. чыгармаларынын авторлоруна же алардын мурасчыларына төлөнүүчү акы. Автордук калем акы ошол чыгармаларды пайдалангандыгы (мисалы, басып чыгаруу, көрүүчүлөр алдында же радио уктуруу жана телекөрсөтүү аркылуу берүү ж. б.) үчүн төлөнөт. Сүрөтчү, адвокат, дарыгерлердин эмгегине төлөнүүчү акылар да автордук акы катары эсептелет. Биздин өлкөдө акы төлөөнүн өлчөмү менен тартибин учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агентчилиги (Кыргызпатент) аныктайт.