АХМАДУЛИНА Белла (Изабелла) Ахатовна

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
Белла (Изабелла) Ахатовна (10. 4. 1937-ж. т., Москва ш.) ‒ орус акыны. Москвадагы М. Горький атн. адабият ин-тун бүткөн (1960). Чыгармалары 1955-жылдан жарык көргөн. 1960-жылдан эстрадалык поэзия аркылуу тааныла баштаган. 1964-ж. «Ушундай жигит бар» (реж. В. М. Шукшин) фильмине тартылган. Адамдардын ички акыл-ой мүдөөлөрү «Кыл» (1962) аттуу ырлар жыйнагында чагылдырылган. Ал модернисттик мүнөз м-н салттуу классиканы таӊ каларлыктай айкалыштыра билет. А. С. Пушкин, Б. Л. Пастернак ж. б. көрүнүктүү орус акындарынын таасири А. чыг-лыгына символ катары кирген. «Музыка сабагы» (1969), «Ырлар» (1975), «Шам», «Бороон» (1977), «Жашырын сыр» (1983) ж. б. ыр жыйнактары бар. А. проза чыгармаларынын («Иттер жана ит», 1979; «Кокустук», 2000) да автору. Ал грузин акындарынын (Н. Бараташвили, Г. Табидзе, С. Чиковани ж. б.) ырларын орус тилине которгон. СССРдин (1989), РФтин мамл. сыйл. лауреаты (2004).

Ж. Медералиева.