АХМАДИЯ
Jump to navigation
Jump to search
, А х м а д и е, К а д и а н и ‒ мусулман жамааты. 1889-ж. Мирзо Гулам Ахмад (1835‒1908) тарабынан Индияда негизделген. Толук аталышы ‒ «А. коому». Анын Куран ж-а мусулман салттарына таянган (урду ж-а араб тилинде жазылган 80ден ашык эмгеги) окуусу синкреттик мүнөздө болуп, мусулмандарга, христиандарга ж. б. дин өкүлдөрүнө багытталган. Жамааттын өкүлдөрү исламдын догмаларын, индуисттердин кудайы Кришнаны, Иисус Христостун осуяттарын таанышат. А. жамаатынын пикири б-ча, анын негиздөөчүсү Ахмад Кадиани мусулман махдисин, христиан мессиясын, индуисттик Кришнаны камтыган бүткүл адамзатка кудай тарабынан жиберилген акыркы пайгамбар. Ал исламдын айрым догмаларын өз түшүнүгүнө ылайык өзгөрткөн, анын окуусу б-ча мис., жихад ‒ динди тынчтык жол м-н үгүттөп жайылтуу. Мусулмандардын Жогорку башкармалыгы Ахмад Кадианинин окуусун ислам динине каршы деп жарыялашкан. Буга карабастан, анын адамдардын Кудай алдында теӊдиги тууралуу идеясы сектага көп сандаган жактоочулардын киришине негиз болгон. Учурда А. жамаатынын мүчөлөрүнүн жалпы саны 12 млндой адам, көпчүлүгү Индия, Пакистанда, Афганистан, Иран, о. эле дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө (Европа, Америка, Африка, Түш.-Батыш Азия) тараган. Көптөгөн мусулман
өлкөлөрүндө, мис., Пакистанда А. мусулман жамааты катары эсептелбей, анын мүчөлөрүн өздөрүн мусулман деп атоого тыюу салынган. Ислам дүйнөсүнүн Лигасы А-ны «исламга каршы агым» деп жарыялаган. 1914-ж. жамаат экиге бөлүнүп, кадианы ж-а лахори секталары пайда болгон. Кадиани сектасынын жактоочу лары Ахмад Кадианини пайгамбар, ал эми лахорлор аны реформатор деп гана эсептешет.